1-берене
Күчүндө · 18.05.2011 редакциясы
"Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 570-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 8-1-берене менен толукталсын: "8-1-берене. Угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды маалыматтар менен камсыз кылуу
1. Берүүлөрү Кыргыз Республикасынын үч жана андан көп областтарын камтыган мамлекеттик, муниципалдык жана коомдук телевизиондук каналдардын телевизиондук жаңылык көрсөтүүлөрү сурдологиялык котормо (жаңсоо тили) же субтитрлер менен коштолууга тийиш.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган өзгөчө кырдаалдар жөнүндө жана/же улуттук коопсуздук коркунучунун чыгышы тууралуу ыкчам маалыматтык билдирүүлөр сурдологиялык котормо (жаңсоо тили) же субтитрлер менен коштолууга тийиш.
3. Берүүлөрү Кыргыз Республикасынын үч жана андан көп областтарын камтыган мамлекеттик, муниципалдык жана коомдук телевизиондук каналдардын жетекчилеринин макулдугу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү сурдологиялык котормо (жаңсоо тили) же субтитрлер менен милдеттүү коштолууга тийиш болгон телевизиондук көрсөтүүлөрдүн тизмесин бекитет.".
Берененин тексти 18.05.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндөЗакон · 02.06.2008 · № 106
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203270/st-1" title="1-берене - "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>