# КР 2011-жылдын 18-майындагы № 26 ""Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу"

- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 18-майындагы № 26 ""Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу"
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 26
- Кабыл алынган күнү: 18.05.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.05.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203270>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4311/edition/380224/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203270.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.05.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2011-жылдын 18-майындагы № 26 ""Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" (18.05.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203270

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2011-жылдын 18-майы № 26

"Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203270/st-1)

"Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 570-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 8-1-берене менен толукталсын: "8-1-берене. Угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды маалыматтар менен камсыз кылуу

1. Берүүлөрү Кыргыз Республикасынын үч жана андан көп областтарын камтыган мамлекеттик, муниципалдык жана коомдук телевизиондук каналдардын телевизиондук жаңылык көрсөтүүлөрү сурдологиялык котормо (жаңсоо тили) же субтитрлер менен коштолууга тийиш.

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган өзгөчө кырдаалдар жөнүндө жана/же улуттук коопсуздук коркунучунун чыгышы тууралуу ыкчам маалыматтык билдирүүлөр сурдологиялык котормо (жаңсоо тили) же субтитрлер менен коштолууга тийиш.

3. Берүүлөрү Кыргыз Республикасынын үч жана андан көп областтарын камтыган мамлекеттик, муниципалдык жана коомдук телевизиондук каналдардын жетекчилеринин макулдугу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү сурдологиялык котормо (жаңсоо тили) же субтитрлер менен милдеттүү коштолууга тийиш болгон телевизиондук көрсөтүүлөрдүн тизмесин бекитет.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203270/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева
