1-берене
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 10, 470-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 26-статьянын 1-пунктундагы "мыйзамдарда белгиленген тартипте ратификацияланган эл аралык келишимдерге (макулдашууларга)" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 33-статьянын 1-пунктундагы "эл аралык макулдашууларында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. 38-статья "Кыргыз банкынын Төрагасы" деген сөздөрдөн кийин ", Төраганын орун басарлары" деген сөздөр менен толукталсын.
4. 39-статьянын 1-пунктунда:
биринчи абзац "тарабынан шайланат" деген сөздөрдөн кийин "жана ушул Мыйзамда каралган учурларда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кызмат ордунан бошотулат" деген сөздөр менен толукталсын. экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Төраганын орун басарлары жана Башкарма мүчөлөрү жети жылдык мөөнөткө Кыргызстандын Банкынын төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалат жана ушул Мыйзамда каралган учурларда Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордунан бошотулат.".
5. 41-статьянын 1-пункту "Төрагасы" деген сөздөн кийин ", Төраганын орун басарлары" деген сөздөр менен толукталсын.
6. 55-статьяда:
статьянын аталышындагы "(макулдашуулар)" деген сөз алынып салынсын; "мыйзамдарда белгиленген тартипте ратификацияланган эл аралык келишимдерди (макулдашууларды)" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203265/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>