# КР 2011-жылдын 12-майындагы № 21 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 12-майындагы № 21 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 21
- Кабыл алынган күнү: 12.05.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203265>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4306/edition/764893/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203265.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2011-жылдын 12-майындагы № 21 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Мыйзамы (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203265

---

КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2011-жылдын 12-майы № 21 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203265/st-1)

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 10, 470-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 26-статьянын 1-пунктундагы "мыйзамдарда белгиленген тартипте ратификацияланган эл аралык келишимдерге (макулдашууларга)" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. 33-статьянын 1-пунктундагы "эл аралык макулдашууларында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. 38-статья "Кыргыз банкынын Төрагасы" деген сөздөрдөн кийин ", Төраганын орун басарлары" деген сөздөр менен толукталсын.

4. 39-статьянын 1-пунктунда:

биринчи абзац "тарабынан шайланат" деген сөздөрдөн кийин "жана ушул Мыйзамда каралган учурларда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кызмат ордунан бошотулат" деген сөздөр менен толукталсын. экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Төраганын орун басарлары жана Башкарма мүчөлөрү жети жылдык мөөнөткө Кыргызстандын Банкынын төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалат жана ушул Мыйзамда каралган учурларда Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордунан бошотулат.".

5. 41-статьянын 1-пункту "Төрагасы" деген сөздөн кийин ", Төраганын орун басарлары" деген сөздөр менен толукталсын.

6. 55-статьяда:

статьянын аталышындагы "(макулдашуулар)" деген сөз алынып салынсын; "мыйзамдарда белгиленген тартипте ратификацияланган эл аралык келишимдерди (макулдашууларды)" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203265/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева
