# 9-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары

- Документ: [Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203262)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 3-майындагы № 18 "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 03.05.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 июня 2018 года № 58 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об особо охраняемых природных территориях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111791)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 02.06.2018 [Закон КР от 2 июня 2018 года № 58 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об особо охраняемых природных территориях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111791); 02.07.2015 [Закон КР от 2 июля 2015 года № 142 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111185)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203262#diff=1205627..1205628>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203262/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/203262/edition/1205625/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203262/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө, 9-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203262/st-9

---

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аларга мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген шартта:

- өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын максаттуу багыт боюнча коргоонун жана пайдалануунун белгиленген режиминин сакталышын камсыз кылышат;

- өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча жаратылышты коргоо иш-чараларын жүргүзүшөт;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймагында экосистемаларды сактоо үчүн жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу аймактарды жана микрокоруктарды уюштурат;

- жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу аймактарды уюштурууга, иштетүүгө жана коргоого бюджетти бекитет;

- жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу аймактардын жана микрокоруктардын иштөөсүнө контроль жана мониторинг жүргүзөт.

2. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын коргоо жана пайдалануу жагындагы ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.

(КР 2015-жылдын 2-июлундагы № 142, 2018-жылдын 2-июнундагы N 58 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203262/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203262/st-10)
