# 8-берене. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын туристтик жана башка максаттарда пайдалануу

- Документ: [Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203262)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 3-майындагы № 18 "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 03.05.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 июня 2024 года № 95 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере регулирования особо охраняемых природных территорий"](https://aqlex.ai/kg/doc/230008904)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203262#diff=1205628..11629>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203262/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/203262/edition/1205625/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203262/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө, 8-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203262/st-8

---

1. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары экологиялык туризмди өнүктүрүү, жергиликтүү калкты туристтик инфраструктураны түзүүгө жана алардын туруктуу иштешин камсыз кылууга тартуу, ошондой эле жаратылыш жана тарыхый-маданий ажайып жерлер менен тааныштыруу, курчап турган жаратылыш чөйрөсүнүн абалына стационардык байкоо жүргүзүү пункттарын түзүү үчүн зарыл болгон курулмаларды тургузуу үчүн пайдаланылышы мүмкүн.

2. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында туристтик-рекреациялык ишти өнүктүрүү үчүн зарыл болгон жеңил конструкциядагы курулмаларды алардын функционалдык зоналарынын режимдерине жараша тургузуунун жана ал жакка баруунун тартибин (келүүчүлөрдүн аймакта болуу убактысынын узактыгы ж.б.) белгилөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

3. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында туристтик-рекреациялык ишти өнүктүрүү үчүн капиталдык курулуш объекттерин (туристтик-рекреациялык маанидеги объекттерди) курууга аларга чектеш гана аймактарда (алардын чектерине 500 метрден жакын эмес) Кыргыз Республикасынын жер жана шаар куруу мыйзамдарында белгиленген тартипте жол берилет.

4. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында жана алардан тышкары жактарда капиталдык объекттерди жана жеңил конструкциядагы курулмаларды тургузуунун (куруунун) техникалык-экономикалык негиздемелери жана долбоорлору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алардын айлана-чөйрөгө тийгизген таасирлери бааланууга жана мамлекеттик экологиялык экспертизадан өткөрүлүүгө тийиш.

(КР 2024-жылдын 13-июнундагы № 95 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203262/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203262/st-9)
