# 4-берене. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын тармагы

- Документ: [Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203262)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 3-майындагы № 18 "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 03.05.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 июня 2024 года № 95 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере регулирования особо охраняемых природных территорий"](https://aqlex.ai/kg/doc/230008904)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203262#diff=1205628..11629>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203262/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/203262/edition/1205625/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203262/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө, 4-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203262/st-4

---

1. Жаратылыш процесстеринин табигый жүрүшүн жана айлана-чөйрөнүн шарттарынын балансын, биологиялык жана ландшафттык ар түрдүүлүктү, табигый-маданий чөйрөнү сактоо, коргоо, жаңыртуу, калыбына келтирүү жана колдоо, туруктуу жаратылыш пайдаланууну камсыз кылуу жана биосферага туруктуу мониторингди жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий корутундусун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын тармагы түзүлөт.

2. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын өнүктүрүүнүн негизги багыты өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын ар түрдүү категорияларынын бир бүтүн жана функциялык жактан байланыштуу айкаштыгын түзүү болуп эсептелет.

(КР 2024-жылдын 13-июнундагы № 95 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203262/st-3)  
Кийинки берене: [4-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203262/st-4-1)
