# 31-берене. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын коргоону жүзөгө ашыруучу кызматкерлердин укуктары

- Документ: [Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203262)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 3-майындагы № 18 "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 03.05.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203262/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/203262/edition/1205625/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203262/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө, 31-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203262/st-31

---

Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын коргоону жүзөгө ашыруучу кызматкерлер төмөндөгүдөй укуктарга ээ:

- ушул Мыйзамдын талаптарынын сакталышын текшерүү максатында өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында жана алардын коргоо зоналарында болгон бардык обьекттерге тоскоолдуксуз кирүүгө;

- өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында болгон адамдардын бул аймактарга келүүгө жана аларды коргоо режимине ылайык келүүчү иштерди жүзөгө ашырууга укуктуу документтерин текшерүүгө;

- өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жана алардын коргоо зоналарынын чектеринде транспорт каражаттарын жана жеке буюмдарын текшерүүнү жүргүзүүгө;

- юридикалык жана жеке жактар тарабынан милдеттүү аткаруу үчүн өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук бузууларын четтетүү жөнүндө көрсөтүү, ошондой эле мындай укук бузууларды жасоого көмөк болгон себептерди жана шарттарды четтетүү жөнүндө көрсөтүү чыгарууга;

- укук бузуучулардан мыйзамсыз тапкан продукцияларын, аны табуу предметин жана куралын алып коюуга;

- өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын жана алардын корголуучу зоналарын коргоо жана пайдалануу режимине ылайык келбеген чарбалык жана башка иштерди токтотуп турууга же тыюу салууга;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдык актылары менен белгиленген учурларда жана тартипте администрациялык укук бузуулар тууралуу протоколдорду түзүүгө;

- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка укуктарды жүзөгө ашырууга.

---

Мурунку берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203262/st-30)  
Кийинки берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203262/st-32)
