31-берене. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын коргоону жүзөгө ашыруучу кызматкерлердин укуктары
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 8-глава
Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын коргоону жүзөгө ашыруучу кызматкерлер төмөндөгүдөй укуктарга ээ:
- ушул Мыйзамдын талаптарынын сакталышын текшерүү максатында өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында жана алардын коргоо зоналарында болгон бардык обьекттерге тоскоолдуксуз кирүүгө;
- өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында болгон адамдардын бул аймактарга келүүгө жана аларды коргоо режимине ылайык келүүчү иштерди жүзөгө ашырууга укуктуу документтерин текшерүүгө;
- өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жана алардын коргоо зоналарынын чектеринде транспорт каражаттарын жана жеке буюмдарын текшерүүнү жүргүзүүгө;
- юридикалык жана жеке жактар тарабынан милдеттүү аткаруу үчүн өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук бузууларын четтетүү жөнүндө көрсөтүү, ошондой эле мындай укук бузууларды жасоого көмөк болгон себептерди жана шарттарды четтетүү жөнүндө көрсөтүү чыгарууга;
- укук бузуучулардан мыйзамсыз тапкан продукцияларын, аны табуу предметин жана куралын алып коюуга;
- өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын жана алардын корголуучу зоналарын коргоо жана пайдалануу режимине ылайык келбеген чарбалык жана башка иштерди токтотуп турууга же тыюу салууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдык актылары менен белгиленген учурларда жана тартипте администрациялык укук бузуулар тууралуу протоколдорду түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
31-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203262/st-31" title="31-берене - Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>