# 29-берене. Эл аралык маанидеги өзгөчө корголуучу трансчек аралык жаратылыш аймактарын уюштуруунун тартиби, максаты жана милдеттери

- Документ: [Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203262)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 3-майындагы № 18 "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 03.05.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203262/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/203262/edition/1205625/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203262/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө, 29-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203262/st-29

---

1. Эл аралык маанидеги өзгөчө корголуучу трансчек аралык жаратылыш аймактары мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдердин негизинде уюштурулат.

2. Эл аралык маанидеги өзгөчө корголуучу трансчек аралык жаратылыш аймактары биосферанын жалпы экологиялык тең салмагын сактоо, флоранын жана фаунанын жок болуу коркунучунда турган жана Кыргыз Республикасынын жана коңшу өлкөлөрдүн Кызыл китебине киргизилген биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, Кыргыз Республикасы тарабы болгон эл аралык келишимдерден чыгуучу Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин аткаруу максатында уюштурулат.

3. Эл аралык маанидеги өзгөчө корголуучу трансчек аралык жаратылыш аймактары төмөнкүдөй маселелерди чечүүгө арналат, алар:

- көп тараптуу жана эки тараптуу эл аралык келишимдерге ылайык жаратылыш-корук фондунун аймактарын жана объекттерин коргоо жана пайдалануу жаатында эл аралык кызматташууну жүзөгө ашыруу;

- жаратылыш-корук фондун сактоого багытталган эл аралык илимий жана илимий-техникалык программаларды иштеп чыгуу жана турмушка ашыруу;

- алынган илимий маалымат менен алмашуу;

- чектеш аймактарда эл аралык стандарттарга ылайык келген ар кыл категориядагы өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүү;

- илимий адистерди биргелешип даярдоону уюштуруу;

- экологиялык-агартуучу жана башка иштерди жүзөгө ашыруу.

(КР 2024-жылдын 13-июнундагы № 95 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203262/st-28)  
Кийинки берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203262/st-30)
