# 28-берене. Биосфералык аймактарды же резерваттарды түзүүнүн максаты

- Документ: [Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203262)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 3-майындагы № 18 "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 03.05.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 июня 2024 года № 95 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере регулирования особо охраняемых природных территорий"](https://aqlex.ai/kg/doc/230008904)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203262#diff=1205628..11629>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203262/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/203262/edition/1205625/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203262/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө, 28-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203262/st-28

---

1. Биосфералык аймактар же резерваттар төмөндөгүдөй максатта түзүлөт:

- маданий жана жаратылыш мурастарына бай табигый аймактарды сактоо, калыбына келтирүү жана пайдалануу;

- регионду узак мөөнөттүү, туруктуу экономикалык жана социалдык өнүктүрүүгө, анын ичинде жаратылыш ресурстарынын сакталышын жана калыбына келишин эске алуу менен аларды рекреациялык максаттарда пайдаланууга колдоо көрсөтүү;

- узак мөөнөттүү экологиялык мониторинг жана илимий изилдөөлөрдү, ошондой эле экологиялык агартуу жана тарбиялоо жүргүзүү.

2. Биосфералык аймак же резерват тиешелүү илимий негиздеменин жана техникалык долбоордун негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен уюштурулат.

3. Биосфералык аймактарды же резерваттарды уюштуруу жөнүндө сунуш биосфералык резерваттардын эл аралык тармагына киргизүү, ырастоо жана тиешелүү сертификатын берүү үчүн Бириккен улуттар уюмунун билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча бөлүмүнө жиберилет.

4. Биосфералык аймакты же резерватты уюштуруунун жана анын иштешинин тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.

(КР 2024-жылдын 13-июнундагы № 95 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203262/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203262/st-29)
