# 27-берене. Мамлекеттик ботаникалык бактарды, дендрологиялык жана зоологиялык парктарды пайдалануунун милдеттери жана режими

- Документ: [Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203262)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 3-майындагы № 18 "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 03.05.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203262/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/203262/edition/1205625/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203262/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө, 27-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203262/st-27

---

1. Мамлекеттик ботаникалык бактардын, дендрологиялык жана зоологиялык парктардын негизги милдеттери төмөндөгүлөр болуп эсептелет:

- илимий жана маданий-агартуу жагынан чоң мааниге ээ жандуу өсүмдүктөрдүн, жапайы жаныбарлардын (айрыкча сейрек жана жок болуп бараткан түрлөрүн), ата мекендик жана чет өлкөлүк флоранын жана фаунанын коллекцияларын жасалма шарттарда сактоо;

- илимий-изилдөө жумуштарын жүргүзүү;

- дыйканчылык, зоология жана жаратылышты коргоо жаатында окутуучу-педагогикалык жана илимий-агартуучу иштерди жүргүзүү.

2. Мамлекеттик ботаникалык бактардын, дендрологиялык жана зоологиялык парктардын аймактарында алардын милдеттеринин аткарылышына байланышпаган жана өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн коллекцияларынын сакталышын бузуучу бардык иштерге тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203262/st-26)  
Кийинки берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203262/st-28)
