# 234-берене. Мөңгүлөр жана кар күрткүлөрү

- Документ: [Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203262)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 3-майындагы № 18 "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 03.05.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 июня 2024 года № 95 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере регулирования особо охраняемых природных территорий"](https://aqlex.ai/kg/doc/230008904)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203262#diff=1205628..11629>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203262/st-234>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/203262/edition/1205625/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203262/st-234.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө, 234-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203262/st-234

---

1. Өзгөчө корголууга тийиш болгон айрым мөңгүлөргө жана кар күрткүлөрүнө өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын статусу берилет.

Белгиленген чектерде мөңгүлөргө жана кар күрткүлөрүнө өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын статусун берүү (аларды өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары деп жарыялоо) аларда чарбалык ишти алып салууга жана аларды пайдалануунун башка түрлөрүнө чектөөлөрдү киргизүүгө алып келет.

2. Мөңгүлөргө жана кар күрткүлөрүнө өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын статусун берүүнүн (аларды өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары деп жарыялоонун), аларды эсепке алуунун, абалына мониторинг жүргүзүүнүн, коргоону жана пайдаланууну контролдоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

3. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын статусу берилген мөңгүлөр жана кар күрткүлөрү жайгашкан тиешелүү аймактардын жерлери белгиленген чектерде жер жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" категориясына которулууга (трансформацияланууга) тийиш.

(КР 2024-жылдын 13-июнундагы № 95 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [233-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203262/st-233)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203262/st-24)
