234-берене. Мөңгүлөр жана кар күрткүлөрү
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 4-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 13 июня 2024 года № 95
1. Өзгөчө корголууга тийиш болгон айрым мөңгүлөргө жана кар күрткүлөрүнө өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын статусу берилет.
Белгиленген чектерде мөңгүлөргө жана кар күрткүлөрүнө өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын статусун берүү (аларды өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары деп жарыялоо) аларда чарбалык ишти алып салууга жана аларды пайдалануунун башка түрлөрүнө чектөөлөрдү киргизүүгө алып келет.
2. Мөңгүлөргө жана кар күрткүлөрүнө өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын статусун берүүнүн (аларды өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары деп жарыялоонун), аларды эсепке алуунун, абалына мониторинг жүргүзүүнүн, коргоону жана пайдаланууну контролдоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
3. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын статусу берилген мөңгүлөр жана кар күрткүлөрү жайгашкан тиешелүү аймактардын жерлери белгиленген чектерде жер жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" категориясына которулууга (трансформацияланууга) тийиш.
(КР 2024-жылдын 13-июнундагы № 95 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
234-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203262/st-234" title="234-берене - Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>