# 23-берене. Мамлекеттик өзгөчө коруктарды пайдалануу режими

- Документ: [Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203262)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 3-майындагы № 18 "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 03.05.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203262/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/203262/edition/1205625/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203262/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө, 23-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203262/st-23

---

Мамлекеттик өзгөчө коруктардын аймагында айрым жаратылыш объекттерине жана комплекстерге зыян тийгизиши мүмкүн болгон иштин бардык түрлөрүнө тыюу салынат, атап айтканда:

- комплекстүү өзгөчө коруктарда - жаратылыш комплекстеринин сакталышына коркунуч туудурган чарбалык иштерге;

- зоологиялык өзгөчө коруктарда - аңчылыкка, жапайы жаныбарларды ар кандай жолдор менен алууга, жапайы жаныбарлардын уяларын жана жатактарын бузууга, жумурткаларын алууга, ошондой эле жаныбарлардын жабыркашына же өлүшүнө алып келиши мүмкүн болгон башка иштерге;

- ботаникалык өзгөчө коруктарда - мал жаюуга, чөп чабууга, гүлдөрдү терүүгө, өсүмдүктөрдүн тамырларын, түптөрүн жана чанактарын казып алууга, от жагууга, транспорт каражаттарынын киришине, ошондой эле өсүмдүктөр дүйнөсүн жабыркоого же куурашына алып келиши мүмкүн болгон башка иштерге;

- токойлук өзгөчө коруктарда - мал жаюуга, чөп чабууга, кыюунун бардык түрлөрүнө (санитардык кыюудан тышкары), ал райондо табигый өспөгөн бак-дарактын түрлөрүн себүүгө жана тигүүгө. Токойлук өзгөчө коруктарда санитардык кыюулар илимий мекемелерге макулдашуу жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты боюнча жүргүзүлөт;

- геологиялык өзгөчө коруктарда - таш, шагыл, кум жана башка пайдалуу кендерди казып алууга, үңкүрлөрдү бузууга, өзгөчө коруктун жаратылыш комплексин өзгөртүүгө же бузууга байланышкан, ошондой эле табигый гидрологиялык режимди өзгөртүшү мүмкүн болгон жер иштетүү жумуштарын жана башка аракеттерди жүргүзүүгө;

- сезондук өзгөчө коруктарда - жер которуп же кыштап жаткан куштардын жана сүт эмүүчүлөрдүн болушунун салыштырмалуу чектелген мезгилинде адамдардын барышына же чарбалык иштерди жүргүзүүгө.

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203262/st-22)  
Кийинки берене: [231-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203262/st-231)
