# 22-берене. Мамлекеттик корукчалардын максаттары жана милдеттери

- Документ: [Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203262)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 3-майындагы № 18 "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 03.05.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 июня 2024 года № 95 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере регулирования особо охраняемых природных территорий"](https://aqlex.ai/kg/doc/230008904)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203262#diff=1205628..11629>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203262/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/203262/edition/1205625/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203262/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө, 22-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203262/st-22

---

1. Мамлекеттик корукча айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагында турат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алар бекитүүчү жобонун негизинде иштейт.

2. Корукчалар илимий негиздеменин негизинде жаратылыш комплекстерин же алардын айрым компоненттерин сактоо, кайра өндүрүү, калыбына келтирүү максатында белгилүү бир убакытка түзүлөт.

3. Корукчаларга төмөнкүдөй милдеттер жүктөлөт:

- жаратылыш комплексин же анын өзүнчө компонентин сактоо;

- флоранын жана фаунанын пайдалуу жана баалуу, анын ичинде сейрек кездешүүчү же жок болуу коркунучунда турган жана Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген түрлөрүн сактоо.

4. Комплекстүү корукчадан башка корукчаны түзүү жерди негизги пайдалануучудан тиешелүү жер участогун (суу объектисин) алып коюуга алып келбейт. Жерди пайдалануучулар чарбалык иш жүргүзүүдө корукчанын режимин сактоого милдеттүү.

5. Мамлекеттик корукчалар максаттуу багыты боюнча төмөнкүлөргө бөлүнөт:

- бүткүл жаратылыш комплекси коргоодо болгон комплекстүү корукчаларга;

- белгилүү бир, анын ичинде баалуу, сейрек кездешүүчү жана жок болуу коркунучунда турган жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн жана козу карындардын түрлөрүн сактоо, көбөйтүү жана калыбына келтирүү үчүн багытталган зоологиялык жана ботаникалык корукчаларга;

- токойдун типтүү участокторун жана/же айрым өзгөчө баалуу жана/же сейрек кездешүүчү бак-дарак жана бадал түрлөрүн сактоо максатында түзүлүүчү токой корукчаларына;

- сейрек кездешүүчү геологиялык түзүлүштөрдү (үңкүрлөрдү, аскаларды, көлмөлөрдү, шаркыратмаларды, булактарды, палеонтологиялык объекттерди ж.б.) коргоо максатында түзүлүүчү геологиялык корукчаларга;

- көбөйүү, миграция же кыштоо мезгилинде канаттуулардын жана башка жаныбарлардын түрлөрүнүн чогулуучу жерлерин коргоо үчүн белгилүү бир аймакта (акваторияда) түзүлүүчү сезондук корукчаларга.

6. Жер участокторунун менчик ээлеринде жана жерди пайдалануучуларда болгон бардык категориялардагы жер участокторунда мамлекеттик комплекстүү корукчаны түзүү Кыргыз Республикасынын жер жөнүндө мыйзамдарында аныкталган тартипте аларды алып коюуга жана жер участокторун "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" категориясына которууну (трансформациялоо) жүргүзүүгө алып келет.

(КР 2024-жылдын 13-июнундагы № 95 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [21-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203262/st-21-1)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203262/st-23)
