21-1-берене. Суулуу-саздак жерлер
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 3-глава
1. Сууну байырлаган канаттуулардын жана башка жаныбарлардын жашоо чөйрөсү катары артыкчылыктуу экологиялык мааниге ээ болгон суулуу-саздак жерлердин аймактарында жаныбарлар дүйнөсүн, анын ичинде сейрек кездешүүчү жана жоголуп кетүү коркунучунда турган түрлөрүн коргоо жана көбөйтүү боюнча чараларды кароочу өзгөчө жаратылыш коргоо режими белгиленет.
2. Суулуу-саздак жерлердин аймактарында өзгөчө жаратылыш коргоо режимин белгилөө чарбалык ишти жүргүзүүдө тиешелүү суулуу-саздак жерлер үчүн белгиленген режимди сактоого милдеттүү болгон жер участогунун менчик ээсинен же жерди пайдалануучудан тиешелүү суу объектисин же анын бөлүгүн жана ага чектеш аймакты (коргоо зонасын) алып коюуга алып келбейт.
3. Суулуу-саздак жерлер мамлекеттик, жергиликтүү жана эл аралык маанидеги болушу мүмкүн.
4. Мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги суулуу-саздак жерлерге суулуу-саздак жерлердин тиешелүү тизмелерине киргизилген жерлер кирет.
5. Экологиялык, ботаникалык, зоологиялык, лимнологиялык же гидрологиялык көз караштан алганда, эл аралык өзгөчө маанилүүлүгүнүн негизинде аныкталган жана эл аралык маанидеги суулуу-саздак жерлердин тизмесине киргизилген жерлер эл аралык маанидеги суулуу-саздак жерлерге кирет.
6. Сууда байырлаган канаттуулардын жана башка жаныбарлардын жашаган жери катары экологиялык артыкчылыктуу мааниге (анын ичинде эл аралык мааниге) ээ болгон суулуу-саздак жерлерди аныктоо жана пайдалануу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү тартипте жөнгө салынат.
(КР 2024-жылдын 13-июнундагы № 95 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
21-1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203262/st-21-1" title="21-1-берене - Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>