# 18-берене. Мамлекеттик жаратылыш коруктарындагы илимий-изилдөө иштери

- Документ: [Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203262)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 3-майындагы № 18 "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 03.05.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203262/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/203262/edition/1205625/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203262/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө, 18-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203262/st-18

---

1. Мамлекеттик жаратылыш коруктарындагы илимий-изилдөө иштеринин негизги милдети экологиялык абалды баалоону жана болжолдоону, жаратылышты коргоонун илимий негиздерин иштеп чыгууну, биосферанын биологиялык жана ландшафттык ар түрдүүлүгүн сактоону, жаратылыш ресурстарын өндүрүүнү жана сарамжалдуу пайдаланууну көздөйт.

2. Мамлекеттик жаратылыш коруктарындагы илимий-изилдөөчү иш жаратылыш комплекстерине, жаратылыштын айрым объекттерине, жаратылыш процесстеринин динамикасына жыл бою стационардык байкоолорду жана изилдөөлөрдү уюштуруу жолу менен жүргүзүлөт.

3. Мамлекеттик жаратылыш коруктарында мамлекеттик бюджеттин каражатынын жана инвестицияларды тартуунун эсебинен жүргүзүлгөн илимий-изилдөөчү иштин жыйынтыктары мамлекеттин менчиги болуп эсептелет.

4. Мамлекеттик жаратылыш коруктарындагы жаратылыш объекттеринин жана комплекстеринин абалы жөнүндө маалымат ачык болот.

5. Мамлекеттик жаратылыш коруктарынын илимий фонддору мөөнөтсүз сакталууга тийиш.

6. Мамлекеттик жаратылыш коруктарындагы илимий изилдөөлөрдү координациялоо Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы тарабынан жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203262/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203262/st-19)
