18-берене. Мамлекеттик жаратылыш коруктарындагы илимий-изилдөө иштери
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 2-глава
1. Мамлекеттик жаратылыш коруктарындагы илимий-изилдөө иштеринин негизги милдети экологиялык абалды баалоону жана болжолдоону, жаратылышты коргоонун илимий негиздерин иштеп чыгууну, биосферанын биологиялык жана ландшафттык ар түрдүүлүгүн сактоону, жаратылыш ресурстарын өндүрүүнү жана сарамжалдуу пайдаланууну көздөйт.
2. Мамлекеттик жаратылыш коруктарындагы илимий-изилдөөчү иш жаратылыш комплекстерине, жаратылыштын айрым объекттерине, жаратылыш процесстеринин динамикасына жыл бою стационардык байкоолорду жана изилдөөлөрдү уюштуруу жолу менен жүргүзүлөт.
3. Мамлекеттик жаратылыш коруктарында мамлекеттик бюджеттин каражатынын жана инвестицияларды тартуунун эсебинен жүргүзүлгөн илимий-изилдөөчү иштин жыйынтыктары мамлекеттин менчиги болуп эсептелет.
4. Мамлекеттик жаратылыш коруктарындагы жаратылыш объекттеринин жана комплекстеринин абалы жөнүндө маалымат ачык болот.
5. Мамлекеттик жаратылыш коруктарынын илимий фонддору мөөнөтсүз сакталууга тийиш.
6. Мамлекеттик жаратылыш коруктарындагы илимий изилдөөлөрдү координациялоо Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы тарабынан жүзөгө ашырылат.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
18-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203262/st-18" title="18-берене - Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>