# 17-берене. Мамлекеттик жаратылыш коругунун корголуучу зонасын пайдалануунун режими

- Документ: [Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203262)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 3-майындагы № 18 "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 03.05.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203262/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/203262/edition/1205625/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203262/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө, 17-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203262/st-17

---

1. Мамлекеттик жаратылыш коругунун корголуучу зонасында жаратылыш ресурстарынын абалына зыян келтирбөөчү чарбалык иштин негизги түрлөрүнө уруксат берилет.

2. Мамлекеттик жаратылыш коругунун корголуучу зонасында төмөндөгүлөргө тыюу салынат:

- дары сырьену, жемиштерди, мөмөлөрдү жана гүлдөрдү, ошондой эле өсүмдүктөрдүн Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген жана жок болуу коркунучунда турган түрлөрүн жыйноого;

- аңчылыкка, жаныбарларды кармоого, уяларды, жапайы жаныбарлардын ийиндерин жана башка жашынган жерлерин жана жатактарын бузууга, ошондой эле канаттуулардын жана сойлоочулардын жумурткаларын алууга;

- жапайы жаныбарларды климатташтырууга;

- мамлекеттик жаратылыш коругунун жаратылыштык, илимий, маданий жана эстетикалык маанисин төмөндөтүүчү иштердин башка түрлөрүнө.

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203262/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203262/st-18)
