# 16-берене. Мамлекеттик жаратылыш коруктарынын буфердик зонасын пайдалануунун режими

- Документ: [Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203262)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 3-майындагы № 18 "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 03.05.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203262/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/203262/edition/1205625/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203262/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө, 16-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203262/st-16

---

Мамлекеттик жаратылыш коруктарынын буфердик зонасында биологиялык жана ландшафттык ар түрдүүлүктүн абалына терс таасирди болтурбоо үчүн төмөндөгүлөргө тыюу салынат:

- жаңы конуштарды түзүүгө;

- аймакты аңчылык кылуу, аңчылык чарбаларды уюштуруу жана аңчылык базаларды жайгаштыруу үчүн берүүгө;

- өндүрүштүк объекттерди курууга, жайгаштырууга жана эксплуатациялоого;

- пайдалуу кендерди чалгындоого жана казууга;

- илимий мекемелер менен макулдашуу боюнча иргелме-санитардык кыюудан тышкары кыюулардын бардык түрлөрүнө;

- өсүмдүктөрдү өстүрүүгө жана жаныбарлардын жаңы түрлөрүн кое берүүгө (климатташтырууга);

- коруктун гидрологиялык режимин өзгөртүүчү аракеттерге жана жалпы экосистемага таасир этиши мүмкүн болгон башка иштерге;

- жаратылыш комплекстеринин жана объекттеринин абалына коркунуч келтирген чарбалык жана башка иштерге.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203262/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203262/st-17)
