# 15-берене. Мамлекеттик жаратылыш коруктарынын өзөк зонасын пайдалануу режими

- Документ: [Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203262)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 3-майындагы № 18 "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 03.05.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 июня 2024 года № 95 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере регулирования особо охраняемых природных территорий"](https://aqlex.ai/kg/doc/230008904)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203262#diff=1205628..11629>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203262/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/203262/edition/1205625/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203262/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө, 15-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203262/st-15

---

1. Өзөк зонада төмөндөгүлөргө багытталган иш-чараларды жүргүзүүдөн тышкары бардык чарбалык жана башка иштерге тыюу салынат:

- жаратылыш комплекстерин табигый абалда кармоого, жаратылыш комплекстеринин жана алардын компоненттеринин антропогендик таасирдин натыйжасынан өзгөрүүлөрүн калыбына келтирүүгө жана болтурбоого;

- санитардык жана өрткө каршы коопсуздукту камсыз кылуучу шарттарды сактоого;

- экологиялык мониторингди жүзөгө ашырууга;

- илимий-изилдөө иштерин аткарууга;

- белгиленген режимдин сакталышына мамлекеттик контролду жүзөгө ашырууга.

2. Жарандардын мамлекеттик жаратылыш коруктарынын аймагында болуусуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте жол берилет.

(КР 2024-жылдын 13-июнундагы № 95 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203262/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203262/st-16)
