# 11-берене. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын мамлекеттик кадастры

- Документ: [Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203262)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 3-майындагы № 18 "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 03.05.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 июня 2024 года № 95 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере регулирования особо охраняемых природных территорий"](https://aqlex.ai/kg/doc/230008904)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203262#diff=1205628..11629>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203262/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/203262/edition/1205625/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203262/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө, 11-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203262/st-11

---

1. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын мамлекеттик кадастры жаратылыш-корук фонддун абалын баалоо, ал аймактардын тармагын өнүктүрүүнүн келечегин аныктоо, белгиленген режимдин сакталышына мамлекеттик контролдун натыйжалуулугун арттыруу, ошондой эле социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү пландоодо ал аймактарды эсепке алуу максатында жүргүзүлөт.

2. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын мамлекеттик кадастры өзүнө алардын категориясы, максаттык арналышы, географиялык абалы, чек аралары, коргоо режими, биологиялык, экологиялык-агартуучу, илимий, экономикалык, тарыхый, маданий жана улуттук баалуулугу жөнүндө маалыматтарды камтыйт.

3. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын мамлекеттик кадастрын жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.

(КР 2024-жылдын 13-июнундагы № 95 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203262/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203262/st-12)
