# 10-берене. Жеке жана юридикалык жактардын укуктары жана милдеттери

- Документ: [Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203262)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 3-майындагы № 18 "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 03.05.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203262/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/203262/edition/1205625/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203262/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө, 10-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203262/st-10

---

1. Жеке жана юридикалык жактар өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын уюштуруу, коргоо жана иштеши боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө мамлекеттик органдарга көмөк көрсөтүү укугуна ээ.

2. Жеке жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик органдардан өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын уюштуруу, иштеши, коргоонун жана максаттык арналышы боюнча пайдалануунун белгиленген режимин сактоо маселелери боюнча толук, туура жана өз убагында маалымат алууга укуктуу.

3. Жеке жана юридикалык жактар өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын режиминин сакталышына жана максаттык арналышы боюнча пайдаланылышына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте коомдук контролду жүзөгө ашырууга укуктуу.

4. Жеке жана юридикалык жактар ушул Мыйзамдын талаптарын бузган кызмат адамдарынын, мекемелердин жана уюмдардын ишине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте администрациялык жана же соттук тартипте даттанууга укуктуу.

5. Жеке жана юридикалык жактар өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын коргоонун жана пайдалануунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген режимдерин сактоого милдеттүү.

6. Жеке жана юридикалык жактар өрт коопсуздугунун эрежелерин бекем сактоого милдеттүү.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203262/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203262/st-11)
