# 1-берене. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө мыйзамдар

- Документ: [Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203262)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 3-майындагы № 18 "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 03.05.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 июня 2024 года № 95 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере регулирования особо охраняемых природных территорий"](https://aqlex.ai/kg/doc/230008904)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203262#diff=1205628..11629>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203262/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/203262/edition/1205625/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203262/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө, 1-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203262/st-1

---

1. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет, ушул Мыйзамдын, башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден жана макулдашуулардан турат.

2. Жер, суу, токой ресурстарын, туристтик-рекреациялык жана ден соолукту чыңдоо маанисиндеги аймактарды, айлана-чөйрөнүн абалына байкоо жүргүзүүнүн стационардык пункттарын жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин коргоого жана пайдаланууга, атмосфералык абаны, тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоого байланыштуу мамилелер Кыргыз Республикасынын атайын мыйзамдары менен жөнгө салынат.

3. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын өнүктүрүү жана туруктуу иштетүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

(КР 2024-жылдын 13-июнундагы № 95 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203262/st-2)
