# 8-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203252)
- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 30-мартындагы № 8 "Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 30.03.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.07.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203252/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4294/edition/422400/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203252/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.07.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө, 8-берене (05.07.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203252/st-8

---

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөргө укуктуу:

1) ушул Мыйзамдын 1-беренесинде бекитилген суммалардын чегинде, эгер бул республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн азайтууга алып келбесе, ушул Мыйзамдын тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;

2) тийиштүү органдар тарабынан кабыл алынуучу ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле өндүрүштүн көлөмдөрүнүн (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн), баалардын деңгээлинин өзгөрүүсүнөн, түзүмдүк өзгөртүүлөрдөн келип чыккан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бюджеттери менен Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин өз ара эсептерине тактоо киргизүүгө;

3) мамлекеттик кирешелердин болжолунан ашыкча түшүүлөрдүн эсебинен республикалык бюджеттин чыгашалар бөлүгүн көбөйтүүнү кароого;

4) Кыргыз Республикасынын бекитилген республикалык бюджетин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан түзүлүүчү кирешелердин жана чыгашалардын жазылышы боюнча аткарууга.

2. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржыланган мамлекеттик, муниципалдык кызматчылардын жана башка категориялардагы кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

3. Ушул Мыйзамдын тиркемесине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан киргизилген өзгөртүүлөр жана тактоолор Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан каралат жана кабыл алынат.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203252/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203252/st-9)
