Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
8-берене
Күчүндө · 05.07.2012 редакциясы
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ушул Мыйзамдын 1-беренесинде бекитилген суммалардын чегинде, эгер бул республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн азайтууга алып келбесе, ушул Мыйзамдын тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;
2) тийиштүү органдар тарабынан кабыл алынуучу ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле өндүрүштүн көлөмдөрүнүн (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн), баалардын деңгээлинин өзгөрүүсүнөн, түзүмдүк өзгөртүүлөрдөн келип чыккан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бюджеттери менен Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин өз ара эсептерине тактоо киргизүүгө;
3) мамлекеттик кирешелердин болжолунан ашыкча түшүүлөрдүн эсебинен республикалык бюджеттин чыгашалар бөлүгүн көбөйтүүнү кароого;
4) Кыргыз Республикасынын бекитилген республикалык бюджетин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан түзүлүүчү кирешелердин жана чыгашалардын жазылышы боюнча аткарууга.
2. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржыланган мамлекеттик, муниципалдык кызматчылардын жана башка категориялардагы кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
3. Ушул Мыйзамдын тиркемесине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан киргизилген өзгөртүүлөр жана тактоолор Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан каралат жана кабыл алынат.
Берененин тексти 05.07.2012 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203252/st-8" title="8-берене - Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>