# 7-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203252)
- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 30-мартындагы № 8 "Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 30.03.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.07.2012
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 июля 2012 года № 98 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О республиканском бюджете Кыргызской Республики на 2011 год и прогнозе на 2012-2013 годы"](https://aqlex.ai/kg/doc/203698)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203252#diff=422401..422404>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203252/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4294/edition/422400/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203252/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.07.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө, 7-берене (05.07.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203252/st-7

---

Төмөндөгүлөр белгиленсин:

1) Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринин 1-4-класстарынын окуучуларына тамактанууну уюштуруу үчүн (республикалык маанидеги шаарларды кошпогондо) 2011-жылга каражаттар 395838,9 миң сом суммасында;

2) Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарынын оор, жагымсыз табигый-климаттык шарттарында жайгашкан жалпы билим берүүчү мектептердин 1-4-класстарынын окуучуларынын тамактануусунун нормасы 1 окуучуга бир күнгө 10 сом эсебинде.

2. Жалпы билим берүүчү мектептердин 1-4-класстарынын окуучуларына тамактанууну уюштурууга бөлүнгөн каражаттарды өз убагында жана максаттуу пайдалануу үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларына жүктөлөт.

3. Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринин 1-4-класстарындагы окуучулардын тамактануусун уюштуруудан үнөмдөлгөн каражаттар республикалык бюджетке кайтарылат.

(КР 2012-жылдын 5-июлундагы № 98 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203252/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203252/st-8)
