# 6-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203252)
- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 30-мартындагы № 8 "Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 30.03.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.07.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203252/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4294/edition/422400/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203252/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.07.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө, 6-берене (05.07.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203252/st-6

---

1. Чыгашаларды биринчи кезекте каржылоо корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр, медикаменттер, тамактануу, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөкпулдар, социалдык жөлөкпулдар, стипендиялар жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна чегерүүлөр), ошондой эле мамлекеттик карыз милдеттенмелери жана калктын аманаттарын индексациялоо боюнча жүргүзүлөт.

2. Чыгашалардын корголгон беренелери бюджеттик мекемелердин штаттык санындагы бош орундарга жана ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышына байланыштуу азайтылышы мүмкүн.

3. Чыгашалардын корголгон беренелерин каржылоо үчүн жоопкерчилик министрликтерге жана ведомстволорго жүктөлөт.

4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2011-2013-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоону биринчи кезекте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча жүргүзүү сунуш кылынсын.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203252/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203252/st-7)
