6-берене
Күчүндө · 05.07.2012 редакциясы
1. Чыгашаларды биринчи кезекте каржылоо корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр, медикаменттер, тамактануу, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөкпулдар, социалдык жөлөкпулдар, стипендиялар жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна чегерүүлөр), ошондой эле мамлекеттик карыз милдеттенмелери жана калктын аманаттарын индексациялоо боюнча жүргүзүлөт.
2. Чыгашалардын корголгон беренелери бюджеттик мекемелердин штаттык санындагы бош орундарга жана ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышына байланыштуу азайтылышы мүмкүн.
3. Чыгашалардын корголгон беренелерин каржылоо үчүн жоопкерчилик министрликтерге жана ведомстволорго жүктөлөт.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2011-2013-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоону биринчи кезекте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча жүргүзүү сунуш кылынсын.
Берененин тексти 05.07.2012 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203252/st-6" title="6-берене - Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>