# 18-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203252)
- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 30-мартындагы № 8 "Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 30.03.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.07.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203252/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4294/edition/422400/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203252/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.07.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө, 18-берене (05.07.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203252/st-18

---

1. Бюджеттик мекемелер, чарбакер субъекттер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максаттуу багытталышы боюнча пайдаланылбаган республикалык бюджеттин каражаттары тийиштүү бюджетке өндүрүп алынууга тийиш. Кайтарым негизинде берилген бюджеттик каражаттарды өз убагында кайтарбоо, ошондой эле аларды пайдаланганы үчүн пайыздарды төлөөнүн мөөнөтүн өткөрүү мамлекеттик колдоонун бардык түрлөрүн кыскартууга же токтотууга жана ушул Мыйзамдын беренелерин аткарбаган кызмат адамдарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартууга негиз болот.

2. Бюджеттик мекемелерге атайын каражатты казыначылык системасынан тышкары пайдаланууга тыюу салынат. Аталган тартип бузулган учурда атайын каражаттын 100 пайызы республикалык бюджеттин кирешесине алынат.

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203252/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203252/st-19)
