# 13-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203252)
- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 30-мартындагы № 8 "Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 30.03.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.07.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203252/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4294/edition/422400/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203252/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.07.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө, 13-берене (05.07.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203252/st-13

---

1. Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджетинен теңдештирүүчү гранттардын өлчөмү жергиликтүү бюджеттер үчүн 6-тиркемеге ылайык чыгашалардын жалпы суммасында кирешелерди теңдештирүү үчүн 1059199,0 миң сом белгиленген.

2. Кыргыз Республикасынын 2012-2013-жылдарга республикалык бюджетинен теңдештирүүчү гранттарынын өлчөмдөрүнүн болжолу № 6 тиркемеге ылайык жактырылсын.

3. Республикалык бюджеттен бөлүнүүчү, ушул беренеде аныкталган өлчөмдөгү теңдештирүүчү гранттарды корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгымдарга биринчи кезекте жумшоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларына сунуш кылынсын.

4. Республикалык бюджеттен Ош шаарынын жергиликтүү бюджетине берилүүчү каражаттар 450000,0 миң сом суммасында жана Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетине 62000,0 миң сом суммасында кирешелер боюнча жоготууларды компенсациялоо үчүн белгиленсин.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203252/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203252/st-14)
