11-берене
Күчүндө · 05.07.2012 редакциясы
1. 2011-жылга жергиликтүү бюджеттер үчүн салык агентине төлөнүүчү киреше салыгынын пландуу түшүүлөрүнөн чегерүүлөрдүн төмөнкү ченемдери белгиленсин:
1) республикалык маанидеги шаарларга - 35 пайыз өлчөмүндө;
2) облустук маанидеги шаарларга - 30 пайыз өлчөмүндө;
3) райондук маанидеги шаарларга - 30 пайыз өлчөмүндө;
4) райондорго - 30 пайыз өлчөмүндө (райондук маанидеги шаарлардан түшүүлөрдү эсепке алганда райондун бардык контингентинен).
2. Сатуудан түшкөн салыктар жергиликтүү бюджеттерге төмөнкүдөй чегерилсин:
1) республикалык маанидеги шаарларга - 50 пайыз өлчөмүндө;
2) облустук маанидеги шаарларга - 50 пайыз өлчөмүндө;
3) райондук маанидеги шаарларга - 25 пайыз өлчөмүндө;
4) райондорго - 25 пайыз өлчөмүндө (райондук маанидеги шаарлардан түшүүлөрдү эсепке алганда райондун бардык контингентинен);
5) айылдарга, поселокторго - 25 пайыз өлчөмүндө.
3. Милдеттүү патенттин негизиндеги салык республикалык маанидеги шаарлардын, облустук маанидеги шаарлардын, райондук маанидеги шаарлардын, айылдардын жана поселоктордун жергиликтүү бюджеттерине 50 пайыз өлчөмүндө чегерилсин.
4. Жер салыгы, мүлк салыгы, ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык, бирдиктүү салыктын негизиндеги түшүүлөр 100 пайыз өлчөмүндө жергиликтүү бюджеттердин тескөөсүндө калтырылсын.
5. Жергиликтүү бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелердин жана уюмдардын атайын каражаттарына салык тийиштүү жергиликтүү бюджеттерге кошуп эсептелүүгө тийиш.
6. Жалпы мамлекеттик салыктар боюнча ашыра аткаруу суммаларынан жергиликтүү бюджеттерге чегерүүлөрдүн ченеми пландуу түшүүлөрдөн чегерүүлөр менен бирдей ченемде белгиленсин.
7. Жергиликтүү бюджеттердин киреше бөлүгүн аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлөт.
Берененин тексти 05.07.2012 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203252/st-11" title="11-берене - Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>