1-берене
Күчүн жоготкон · 05.03.2011 редакциясы
"Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2010-жылга бюджети жана 2011-2012-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2009-жылдын 8-декабры, № 103) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 1-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1-берене.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2010-жылга бюджети кирешелер боюнча 21705,3 млн. сом суммасында жана чыгашалар боюнча 20245,6 млн. сом суммасында жана профициттин жеткен чегинде 1459,7 млн. сом суммасында 1-тиркемеге ылайык бекитилсин, анын ичинде: Пенсиялык фонд - 2010-жылдын 1-январына карата 4081,1 млн. сом суммасындагы калдыкты эске алуу менен 2010-жылга кирешелер боюнча 20095,5 млн. сом суммасында жана чыгашалар боюнча - 18635,8 млн. сом суммасында, профициттин жеткен чегинде 1459,7 млн. сом суммасында; Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонду - 2010-жылга кирешелер боюнча 753,0 млн. сом суммасында жана чыгашалар боюнча - 753,0 млн. сом суммасында; Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду - 2010-жылга кирешелер боюнча 761,2 млн. сом суммасында жана чыгашалар боюнча - 761,2 млн. сом суммасында; Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду - 2010-жылга кирешелер боюнча 95,6 млн. сом суммасында жана чыгашалар боюнча - 95,6 млн. сом суммасында.".
2. 3-беренеде:
биринчи абзацтагы "16204,9" цифралары "21705,3" цифраларына алмаштырылсын; экинчи абзацтагы "14545,3" цифралары "20095,5" цифраларына алмаштырылсын; үчүнчү абзацтагы "780,6" цифралары "753,0" цифраларына алмаштырылсын; төртүнчү абзацтагы "779,3" цифралары "761,2" цифраларына алмаштырылсын; бешинчи абзацтагы "99,7" цифралары "95,6" цифраларына алмаштырылсын.
3. 5-беренеде:
биринчи абзацтагы "4325,9" цифралары "5576,7" цифраларына алмаштырылсын; экинчи абзацтагы "1015,4" цифралары "1058,3" цифраларына алмаштырылсын; үчүнчү абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын жана башкалардын пенсионерлерине) жана аскер кызматчыларын мамлекеттик милдеттүү жеке камсыздандырууга" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын жана башкалардын пенсионерлерине) жана аскер кызматчыларын камсыздандыруу учуру боюнча бир жолку жөлөкпулга" деген сөздөргө, "615,2" цифралары "892,3" цифраларына алмаштырылсын; төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "пенсияларга (көп балалуу энелерге жана бала кезинен майыптардын энелерине; алыскы жана барууга кыйын райондордо жашаган бийик тоолуу шарттардагы иш үчүн; "Кыргызстан аба жолдору" улуттук авиаташуучусу" ачык акционердик коомунун учуучу жана учуу-сыноочу курамынын кызматкерлерине; № 2 тизме боюнча жана "РЕSАС" программасына кирген ишканалардагы текстиль өндүрүшүндө иштеген адамдарга), пенсияларга үстөктөргө (майыптарга, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жана башка категорияларга; Кыргыз Республикасынын алдындагы өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн), компенсацияларды төлөөгө (Чернобыль атомдук электр станциясындагы жана башка жарандык же аскердик багыттагы атомдук объекттердеги авариянын кесепеттерин жоюунун катышуучуларына; эмгектик мертинүү же кесиптик оорусу боюнча майыптарга, "РЕSАС" программасына кирген ишканаларда иштеген, багуучусун жоготкон адамдарга) 2010-жылга - 1904,2 млн. сом, 2011-жылга божомол - 2477,6 млн. сом, 2012-жылга - 3018,6 млн. сом;"; бешинчи абзацтагы "706,6" цифралары "1721,9" цифраларына алмаштырылсын.
4. 6-беренеде:
экинчи абзацтагы "16654,2" цифралары "18635,8" цифраларына алмаштырылсын; үчүнчү абзацтагы "780,6" цифралары "753,0" цифраларына алмаштырылсын; төртүнчү абзацтагы "779,3" цифралары "761,2" цифраларына алмаштырылсын; бешинчи абзацтагы "99,7" цифралары "95,6" цифраларына алмаштырылсын; берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-3-бөлүктөр менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна 84,4 млн. сом суммасындагы өткөн жылдар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыз 2010-жылы Пенсиялык фонддун каражатынын эсебинен жоюлууга жата тургандыгы белгиленсин. Өткөн жылдар үчүн республикалык бюджеттен бөлүп каржылоо боюнча пайдаланылбай калган акча каражаттарынын 180,2 млн. сом суммасындагы калдыгы 2010-жылы Пенсиялык фонддун каражаттарынан Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине кайтарылууга жата тургандыгы белгиленсин.".
5. 9-берене күчүн жоготту деп табылсын.
6. "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2010-жылга бюджети жана 2011-2012-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына 1-3-тиркемелер ушул Мыйзамга 1-3-тиркемелерге ылайык редакцияда баяндалсын.
Берененин тексти 05.03.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2010-жылга бюджети жана 2011-2012-жылдарга божомолу жонундоЗакон · 26.11.2009 · № 306
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203247/st-1" title="1-берене - "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2010-жылга бюджети жана 2011-2012-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>