# КР 2011-жылдын 18-февралындагы № 2 ""Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу"

- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 18-февралындагы № 2 ""Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу"
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 2
- Кабыл алынган күнү: 18.02.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.05.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203246>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4288/edition/1256917/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203246.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2011-жылдын 18-февралындагы № 2 ""Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" (31.05.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203246

---

КР 2023-жылдын 31-майындагы N 114 Конституциялык Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2011-жылдын 18-февралы № 2

"Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203246/st-1)

"Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 12, 531-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 1-статья төмөнкүдөй мазмундагы 10-бөлүк менен толукталсын:

"Эсептөө палатасынын мүчөсү - Эсептөө палатасынын аудитору - ушул Мыйзамда белгиленген Эсептөө палатасынын ыйгарым укуктарын аткаруу жана камсыз кылуу боюнча тийиштүү алкакта милдеттери бар мамлекеттик кызмат орун.".

2. 2-статьянын 3-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасы ратификациялаган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. 9-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Эсептөө палатасы Эсептөө палатасынын тогуз аудиторунан, алардын курамынан дайындалган Эсептөө палатасынын төрагасынан, аппаратынан жана анын аймактык бөлүмчөлөрүнөн түзүлөт.".

4. 12-статьяда:

1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Эсептөө палатасынын жогорку органы болуп Эсептөө палатасынын төрагасынан жана Эсептөө палатасынын аудиторлорунан турган Эсептөө палатасынын Кеңеши эсептелет."; 3-бөлүктөгү "үчтөн экиси" деген сөздөр "жарымынан көбү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

5. 16-статьяда:

1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Эсептөө палатасынын төрагасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 5 жылдык мөөнөткө шайланган Эсептөө палатасынын аудиторлорунун арасынан Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалат."; 2 жана 3-бөлүктөр күчүн жоготту деп табылсын.

6. 17-статьянын 1-бөлүгүндөгү 1 жана 11-пункттар күчүн жоготту деп табылсын.

7. 19-статьянын 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"6. Эсептөө палатасынын төрагасы ушул Мыйзамда каралган учурларда Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан ээлеген кызматынан бошотулат.".

8. 20-статьяда:

1-бөлүктөгү "10 жылдан" деген сөздөр "7 жылдан" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Эсептөө палатасынын аудиторлорунун курамынын үчтөн бирин - Кыргыз Республикасынын Президентинин, үчтөн бирин - парламенттик көпчүлүктүн жана үчтөн бирин - парламенттик оппозициянын сунуштамасы боюнча шайлайт; ушул Мыйзамда каралган учурларда аларды кызматтарынан бошотот. Эсептөө палатасынын аудиторлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 5 жылдык мөөнөткө шайланат."; 4-бөлүктөгү "Администрациясынын" деген сөз "Аппаратынын" деген сөз менен алмаштырылсын; "Конституциялык сотунун" деген сөздөр "Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

9. 23-статьяда:

4-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Президенти" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 6-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Президентинин сунушу боюнча" деген сөздөр "Эсептөө палатасынын төрагасынын сунушу боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

10. 61-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Эсептөө палатасынын төрагасы жыл сайын Эсептөө палатасынын иштери тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине отчет берет.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203246/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева
