# 8-берене. ЭКБ жаатындагы мамлекеттик башкаруу

- Документ: [Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203243)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 31-декабрындагы № 283 "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 283
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 июня 2022 года № 49 "О возобновляемых источниках энергии"](https://aqlex.ai/kg/doc/112382)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 июля 2019 года № 99 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере возобновляемых источников энергии"](https://aqlex.ai/kg/doc/111946)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203243#diff=1259352..1259353>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203243/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4286/edition/1259347/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203243/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө, 8-берене (30.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203243/st-8

---

ЭКБ жаатындагы мамлекеттик башкаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан алардын функцияларына ылайык жана төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырылат:

- тиешелүү ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу;

- каржылоонун ички жана тышкы булактарын кароочу ЭКБ жаатындагы жалпы мамлекеттик программаларды иштеп чыгуу, ишке ашыруу жана аткаруу;

- ЭКБ потенциалын пайдаланууну эске алуу менен энергетикалык тармакты реформалоо;

- ЭКБны пайдаланууну өнүктүрүүгө жана ЭКБнын жабдууларын өндүрүүгө түрткү берүүчү укуктук механизмдерди, ошондой эле ченемдик-укуктук документтерди иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

- ЭКБ энергиясынын потенциалын жана пайдаланылышын баалоо;

- кубаттуулуктарды квоталоону иштеп чыгуу жана бекитүү;

- ЭКБны пайдалануу боюнча объекттерди жайгаштыруу үчүн шарттарды аныктоо;

- кайра жаралуучу энергетикалык ресурстарды баалоо менен статистикалык эсепке алууну камсыз кылуу жана кайра жаралуучу энергия жана отун жаатындагы иштерди жүзөгө ашыруучу субъекттердин реестрин жүргүзүү;

- ЭКБны өнүктүрүү жаатында окутууну уюштуруу жана илимий-техникалык прогресске көмөк көрсөтүү;

- ЭКБны пайдалануу жана өнүктүрүү боюнча эл аралык илимий-техникалык кызматташууну, эл аралык программаларга катышууну камсыз кылуу;

- ЭКБны өздөштүрүү процессине коомдук жана илимий-техникалык уюмдарды тартууга көмөк көрсөтүү;

- ЭКБны пайдалануу боюнча долбоорлордун жеңилдик мезгилинин колдонулушун 10 жылдан ашык эмес мөөнөткө белгилөө;

- ээлери жеңилдик мезгили боюнча тарифтик преференцияга талапкер болбогон, кубаттуулуктарды квоталоо алкагынан тышкары курулган ЭКБ пайдалануу менен орнотмолор үчүн өзүн-өзү актоо мезгилин колдонуу мөөнөтүн белгилөө.

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан конкурстук тандоо жүргүзүүгө бөлүнгөн жер участогу жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан даярдалган энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен электр энергетикалык орнотмону куруу долбооруна алдын ала техникалык-экономикалык негиздеме болгондо гана жол берилет. (КР 2019-жылдын 24-июлундагы N 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203243/st-7)  
Кийинки берене: [8-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203243/st-8-1)
