# 8-1-берене. ЭКБны пайдаланууну өнүктүрүү жана колдоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын компетенциясы

- Документ: [Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203243)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 31-декабрындагы № 283 "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 283
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 июня 2022 года № 49 "О возобновляемых источниках энергии"](https://aqlex.ai/kg/doc/112382)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203243/st-8-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4286/edition/1259347/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө, 8-1-берене (30.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203243/st-8-1

---

Ыйгарым укуктуу орган:

- ЭКБны пайдаланууну колдоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырат;

- ЭКБны өнүктүрүү жана пайдалануу программасын иштеп чыгат;

- ЭКБны пайдалануу боюнча объектти курууга инвестициялоо ниети жөнүндө макулдашууларды түзүүгө укуктуу;

- ЭКБны пайдалануу боюнча объекттерди куруу үчүн жер участокторун резервдөөгө укуктуу;

- жер комиссиясынын ишин демилгелөөгө укуктуу, ЭКБны пайдалануу боюнча объекттерди курууга жер участокторун берүү маселесин кароого катышат;

- ЭКБны пайдалануу боюнча энергетикалык орнотмолорду курууга конкурстук тандоо жарыялоого укуктуу;

- ЭКБны пайдалануу боюнча объекттерди курууга конкурс өткөрүүдө инвесторлор тарабынан кепилдик милдеттенмелерди аткаруунун сакталышын контролдоону жүзөгө ашырат;

- ЭКБны пайдалануу боюнча объекттерди куруу үчүн бөлүнгөн жер участокторун максаттуу пайдаланууга мониторинг жүргүзүү жана контролдоо маселелери боюнча мамлекеттик суу администрациясы жана башка ыйгарым укуктуу органдар менен өз ара аракеттенет;

- жер участогунун максаттуу арналышын бузуу менен пайдаланылган же болбосо ЭКБны пайдалануу боюнча объектини куруу үчүн берилген жер участогу 3 жылдын ичинде пайдаланылбаган учурларда жер участогун пайдалануу укуктарын токтотуу (жокко чыгаруу) жол-жоболорун демилгелөөгө укуктуу;

- мамлекеттик органдарда ЭКБны пайдалануу боюнча объекттерди куруу долбоорлорунун макулдашуу жол-жоболорун өткөрүүдө инвесторлорго юридикалык жана уюштуруучулук жардамды берүүгө укуктуу;

- энергетика жаатындагы мыйзамдарга ылайык энергия берүүчү уюмдардын электр жана (же) жылуулук тармактарына ЭКБны пайдалануу боюнча объекттерди туташтыруусуна мониторингди жана контролдоону жүзөгө ашырат;

- ЭКБнын энергетикалык потенциалын, аларды өздөштүрүү деңгээлин жана Кыргыз Республикасында энергия өндүрүүнүн жалпы көлөмүндөгү анын электр жана жылуулук энергия өндүрүүсүнүн үлүшүн эсептөөнү жана талдоону; ЭКБны пайдалануу менен электр энергияны өндүрүү көлөмүнүн максаттуу көрсөткүчтөргө ылайык келишин аныктоо жолу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте ЭКБны пайдалануу мониторингин жүзөгө ашырат;

- ЭКБны пайдалануу жаатында эл аралык кызматташууну жүзөгө ашырат.

(КР 2019-жылдын 24-июлундагы N 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203243/st-8)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203243/st-9)
