# 7-берене. ЭКБны пайдаланууну алдыга жылдыруу

- Документ: [Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203243)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 31-декабрындагы № 283 "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 283
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 июня 2022 года № 49 "О возобновляемых источниках энергии"](https://aqlex.ai/kg/doc/112382)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203243/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4286/edition/1259347/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203243/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө, 7-берене (30.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203243/st-7

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ЭКБны пайдаланууну алдыга жылдырууну төмөнкүлөр аркылуу ишке ашырат:

- ЭКБны өздөштүрүүдө артыкчылыктарды аныктоо;

- өндүрүш процессинде жана кайра жаралуучу отунду пайдалануудан улам айлана-чөйрөнү бузган калдык заттарды, скважиналарды кошкондо ЭКБны өздөштүрүү процессинде экологиялык таза технологияларды же таштандылардын төмөн же коопсуз деңгээли менен технологияларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча мыйзамдарда каралган экономикалык механизмдердин жана өбөлгө түзүүчү чаралардын кепилденген иштеши;

- шаарларда, ошондой эле айылдарда энергетикалык сервисти жана жергиликтүү өндүрүштүн иштешин, калктын жашоосун камсыздоо үчүн көз карандысыз кайра жаралуучу энергия системасын курууну колдоо;

- ысык суу менен камсыздоо, жылытуу, муздатуу жана электр энергиясын иштеп чыгаруу үчүн күн энергиясы системаларынын жабдууларын орнотуу жана пайдалануу ишин колдоо;

- айыл чарба өндүрүшүнүн жана кайра иштетүү өнөр жайынын органикалык калдыктарын сарамжалдуу пайдалануу үчүн биогаз түзүлүштөрүнүн тармактарын орнотууну жана түзүүнү колдоо;

- ЭКБны пайдалануу, түзүлүүчү системаларды оңдоо жана тейлөө боюнча жасалгаларды туруктуу өндүрүүнү камсыз кылуучу сервистик борборлорду түзүүнү колдоо.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203243/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203243/st-8)
