# 5-берене. Бул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү

- Документ: [Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203243)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 31-декабрындагы № 283 "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 283
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 июня 2022 года № 49 "О возобновляемых источниках энергии"](https://aqlex.ai/kg/doc/112382)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203243/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4286/edition/1259347/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203243/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө, 5-берене (30.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203243/st-5

---

Бул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү Кыргыз Республикасында ЭКБны пайдалануу менен байланышкан мамилелерди, анын ичинде төмөнкүлөрдү жөнгө салуу болуп эсептелет:

- ЭКБнын потенциалын изилдөө;

- ЭКБны пайдаланууга экономикалык жактан өбөлгө түзүү;

- ЭКБны өндүрүү, ташуу, кайра түзүү, сактоо жана пайдалануу үчүн энергетикалык түзүлүштөрдү, машиналарды, жабдууларды жана продукцияларды иштеп чыгуу, өндүрүү, ташып келүү жана пайдалануу;

- кайра жаралуучу ресурстарды пайдалануу аркылуу энергия алып жүрүүчүлөрдү жана механикалык энергияны өндүрүү;

- ЭКБ энергиясын пайдаланууну көбөйтүүгө багытталган уюштуруу, илим-изилдөө, долбоордук, эксперттик, конструктордук, курулуш жана жөнгө салуу ишмердигин жүзөгө ашыруу.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203243/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203243/st-6)
