# 14-берене. Энергиянын кайра жаралуу чөйрөсүндөгү ишмердикти илимий камсыздоо

- Документ: [Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203243)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 31-декабрындагы № 283 "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 283
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 июня 2022 года № 49 "О возобновляемых источниках энергии"](https://aqlex.ai/kg/doc/112382)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 октября 2011 года № 167 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О возобновляемых источниках энергии""](https://aqlex.ai/kg/doc/203406)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203243#diff=1259347..1259348>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203243/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4286/edition/1259347/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203243/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө, 14-берене (30.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203243/st-14

---

Энергиянын кайра жаралуу чөйрөсүнүн илимий ишмердигин Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясы камсыз кылат, анын ичинде:

- ЭКБны өздөштүрүү чөйрөсүндөгү эл аралык илимий жана илимий-техникалык программаларды, ошондой эле аларды ишке ашыруунун жана көзөмөлдөөнүн механизмдерин иштеп чыгат;

- мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылануучу изилдөө жана инновациялык долбоорлор боюнча конкурстарды уюштурат;

- кайра жаралуучу энергияны өздөштүрүү чөйрөсүндөгү илимий жана инновациялык жетишкендиктерди жайылтат;

- ЭКБ чөйрөсүндө жүзөгө ашырылган мамлекеттик программаларды, изилдөө долбоорлорун ишке ашыруу жагындагы отчетторду карайт жана изилдөөлөрдүн, сынактардын жана текшерүүлөрдүн илимий деңгээлин баалайт;

- ЭКБ чөйрөсүндө жаңы материалдарды, техникаларды жана технологияларды түзөт;

- ушул чөйрөдөгү программаларды жайылтуунун жана жүзөгө ашыруунун жүрүшү жөнүндө жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалымат сунуш кылат.

(КР 2011-жылдын 10-октябрындагы № 167 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203243/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203243/st-15)
