# 13-берене. ЭКБ боюнча ишмердикти маалыматтык жактан камсыздоо

- Документ: [Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203243)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 31-декабрындагы № 283 "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 283
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 июня 2022 года № 49 "О возобновляемых источниках энергии"](https://aqlex.ai/kg/doc/112382)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203243/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4286/edition/1259347/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203243/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө, 13-берене (30.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203243/st-13

---

ЭКБ энергиясы маселелери боюнча ишмердикти маалыматтык жактан камсыздоо энергетика каражаттары боюнча мамлекеттик башкаруу органы тарабынан төмөндөгүлөр аркылуу жүргүзүлөт:

- ЭКБны пайдалануунун улуттук жана региондук программаларын кеңири талкуулоо;

- ЭКБ чөйрөсүндөгү көрсөтмөлүк долбоорлорду түзүү боюнча ишти координациялоо;

- ЭКБны пайдалануу артыкчылыгы менен аймакка администрациялык-аймактык бирдиктердин зонасын түзүү;

- ЭКБ чөйрөсүндөгү технологиялардын жана жабдуулардын көргөзмөсүн уюштуруу;

- ЭКБнын пайдалануучуларына жана өндүрүүчүлөрүнө аны өндүрүү жана пайдалануу маселелери боюнча маалыматтарды берүү;

- жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу ЭКБны өндүрүүнү жана пайдаланууну пропагандалоо.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203243/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203243/st-14)
