Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
9-берене
Күчүндө · 08.08.2025 редакциясы
"Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1996-ж., № 5, 79-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Преамбуланын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Мыйзам Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында жарактуу жана Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган адамдарга таркатылат.".
2. 2-статьядагы "жеңилдиктерди" деген сөз "компенсацияларды" деген сөзгө алмаштырылсын.
3. 4-статьянын 1-пунктунун жетинчи жана сегизинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- алган пенсиясынын түрүнө карабастан, экинчи ирет никеге турбаган, курман болгон (дайынсыз жоголгон) адамдын аялы (күйөөсү);
- курман болгон (дайынсыз жоголгон) адамдын ата-энеси.".
4. 8-статьяда:
1-бөлүктөгү "жеңилдиктер менен гарантияларды" деген сөздөр "социалдык гарантияларды жана компенсацияларды" деген сөздөргө алмаштырылсын; 4-бөлүктөгү "жеңилдиктер жана гарантиялар" жана "нормалардын чектеринде" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "Социалдык гарантиялар жана компенсациялар" жана "өлчөмдөрдө" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 9-статьядагы "жеңилдиктер" деген сөз "социалдык гарантиялар" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 13-статьяда:
үчүнчү абзацтагы ", санаторийлик-курорттук дарылоо, дары-дармек каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар менен камсыз кылуу боюнча" деген сөздөр алып салынсын; бешинчи абзацтагы "коммуналдык-турмуш-тиричилик жана" деген сөздөр алып салынсын; алтынчы абзац күчүн жоготту деп табылсын; тогузунчу абзацтагы "кошумча жеңилдиктерди жана артыкчылыктарды" деген сөздөр "социалдык гарантиялар жана компенсациялар" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. 14-статьяда:
статьянын аталышындагы "жеңилдиктер жана" деген сөздөр "социалдык" деген сөзгө алмаштырылсын; биринчи абзацтагы "жеңилдиктер жана" деген сөздөр "социалдык" деген сөзгө алмаштырылсын; статья төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын: "1-1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө компенсацияларды төлөө."; 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "6. Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик гарантиялардын программасынын чегинде медициналык жактан тейлөө."; 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "7. Протездик-ортопедиялык буюмдар менен акысыз камсыз кылуу."; 9, 13, 19, 20, 21, 22- жана 26-пункттар күчүн жоготту деп табылсын; 25-пункттагы "25 процент жеңилдик берүү менен" деген сөздөр алып салынсын.
8. 15-статьяда:
статьянын аталышындагы "жеңилдиктер жана" деген сөздөр "социалдык" деген сөзгө алмаштырылсын; биринчи абзацтагы "жеңилдиктер жана" деген сөздөр "социалдык" деген сөзгө алмаштырылсын; статья төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын: "1-1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө компенсацияларды төлөө."; 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "7. Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик гарантиялардын программасынын чегинде медициналык жактан тейлөө."; 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "8. Протездик-ортопедиялык буюмдар менен акысыз камсыз кылуу."; 10, 12, 13, 14, 15, 16, 17, 18, 19, 20, 21, 22, 23, 24, 25, 26, 27, 28, 29, 30, 31- жана 36-пункттар күчүн жоготту деп табылсын; 35-пункттагы "акысыз" деген сөз алып салынсын.
9. 16-статьяда:
статьянын аталышындагы "жеңилдиктер" деген сөз "социалдык гарантиялар" деген сөздөргө алмаштырылсын; биринчи абзацтагы "жеңилдиктерден жана гарантиялардан" деген сөздөр "социалдык гарантиялардан жана компенсациялардан" деген сөздөргө алмаштырылсын; 2-пункт күчүн жоготту деп табылсын.
10. 17-статьяда:
статьянын аталышындагы "жеңилдиктер жана" деген сөздөр "социалдык" деген сөзгө алмаштырылсын;
Берененин тексти 08.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренеде аталган актылар (1)
- Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндөЗакон · 08.05.1996 · № 14
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203242/st-9" title="9-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>