12-берене
Күчүндө · 08.08.2025 редакциясы · III бөлүм
"Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен Кыргыз Республикасынын граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1993-ж., № 6, 154-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 3-статьяда:
статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен жарандардын тарткан зыяндарынын ордун толтурууга, социалдык гарантияларды жана компенсацияларды алууга болгон укугу"; 1-бөлүктөгү "акчалай жана башка материалдык компенсацияларды, жеңилдиктерди" деген сөздөр "социалдык гарантияларды жана акчалай компенсацияларды" деген сөздөргө алмаштырылсын; 2-бөлүктө:
- бөлүк "жашаган" деген сөздөн мурда "туруктуу" деген сөз менен толукталсын:
- "башка компенсацияларды жана жеңилдиктерди" деген сөздөр "социалдык гарантияларды жана компенсацияларды" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 4-статьяда:
статьянын аталышындагы "Компенсацияны жана жеңилдиктерди" деген сөздөр "Социалдык гарантияларды жана компенсацияларды" деген сөздөргө алмаштырылсын; 1-бөлүктөгү "жана жеңилдиктердин" деген сөздөр алып салынсын; 2-бөлүктө: "айкын өлчөмдөрү" деген сөздөрдөн мурда "тартиби жана" деген сөздөр менен толукталсын; "жана жеңилдиктердин" деген сөздөр алып салынсын.
3. 6-статьяда:
статьянын аталышындагы "компенсациялар жана жеңилдиктер" деген сөздөр "социалдык гарантиялар жана компенсациялар" деген сөздөргө алмаштырылсын; 1-бөлүктө:
- 1-1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1-1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө компенсацияларды төлөө;";
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2) протездик-ортопедиялык буюмдар менен акысыз камсыз кылуу;";
- 6, 11, 12- жана 26-пункттар күчүн жоготту деп табылсын;
2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Ушул статьянын 1-1, 14, 16, 17, 22-24-пункттарында каралган социалдык гарантиялар жана компенсациялар Чернобыль АЭСиндеги кырсыктын натыйжасында курман болгон жарандардын, келип чыккан майыптыгынын себеби Чернобылдагы кыйроонун натыйжасына байланыштуу экендиги аныкталган, нурлануу оорусуна чалдыккан жана аны баштан кечирген адамдарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү курман болгон жарандардын үй-бүлөлөрүнө таркатылат.".
4. 7-статьяда:
статьянын аталышындагы "компенсациялар жана жеңилдиктер" деген сөздөр "социалдык гарантиялар жана компенсациялар" деген сөздөргө алмаштырылсын; 1-бөлүктө:
- биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 2-пунктунда көрсөтүлгөн адамдар ушул Мыйзамдын 6-статьясынын 3, 7, 13, 14, 16, 19, 20, 22-24-пункттарында каралган социалдык гарантияларга жана компенсацияларга, ошондой эле төмөнкүлөргө укуктуу болушат:";
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө компенсацияларды төлөөгө;";
- 2- жана 3-пункттар төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2) Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик гарантиялардын программасынын чегинде медициналык жактан тейлөөгө;
3) протездик-ортопедиялык буюмдар менен акысыз камсыз кылууга;";
- 5-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "6-статьянын 7-пунктунда жана ушул статьянын 1-1 жана 4-пункттарында каралган социалдык гарантиялар жана компенсациялар Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюунун курман болгон катышуучуларынын үй-бүлөлөрүнө колдонулат."; 3-бөлүктө:
- "1- жана 5-пункттарында" деген сөздөр "1-пунктунда" деген сөздөргө, "компенсацияларды жана жеңилдиктерди" деген сөздөр "социалдык гарантияларды жана компенсацияларды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө компенсацияларды төлөөгө;";
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2) протездик-ортопедиялык буюмдар менен акысыз камсыз кылууга;";
- 5-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
4-бөлүктөгү "компенсациялар менен жеңилдиктерге" деген сөздөр "социалдык гарантияларга жана компенсацияларга" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 8-статьяда:
статьянын аталышындагы "компенсациялар жана жеңилдиктер" деген сөздөр "социалдык гарантиялар" деген сөздөргө алмаштырылсын; биринчи абзацындагы "компенсацияларды жана жеңилдиктерди" деген сөздөр "социалдык гарантияларды" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 9-статьяда:
статьянын аталышындагы "жеңилдиктер жана" деген сөздөр "социалдык" деген сөзгө алмаштырылсын; биринчи абзацындагы "компенсацияларды жана жеңилдиктерди" деген сөздөр "социалдык гарантияларды" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. 10-статьяда:
статьянын аталышындагы "жеңилдиктер жана" деген сөздөр "социалдык" деген сөзгө алмаштырылсын; биринчи абзацындагы "компенсацияларга жана жеңилдиктерге" деген сөздөр "социалдык гарантияларга" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. 12-статьяда:
1-бөлүктө: биринчи абзацта:
- абзац "кийинки" деген сөздөн кийин "эки" деген сөз менен толукталсын;
- "жеңилдиктер" деген сөз "социалдык гарантиялар жана компенсациялар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
1-пунктта:
- экинчи жана үчүнчү абзацтар төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө компенсацияларды төлөө;
- Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик гарантиялардын программасынын чегинде медициналык жактан тейлөө;";
- төртүнчү, бешинчи жана жетинчи абзацтар күчүн жоготту деп табылсын;
3-бөлүктөгү "ыйгарым укук берилген органдар тарабынан" деген сөздөр алып салынсын.
9. 13-статьянын аталышындагы "жеңилдиктер" деген сөз "социалдык гарантиялар" деген сөздөргө алмаштырылсын.
10. "Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында ден соолугуна зыян келтирген адамдарга берилүүчү компенсациялар" деген III бөлүм күчүн жоготту деп табылсын.
11. "Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен Кыргыз Республикасынын граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында колдонулган терминдер жана түшүнүктөр" тиркемесинде:
2-пункттагы "компенсацияларды жана жеңилдиктерди" деген сөздөр "социалдык гарантияларды" деген сөздөргө алмаштырылсын; 3-пункттагы "көчүүгө байланыштуу жоголгон мүлкү үчүн жана ушул Мыйзамда белгиленген жана башка компенсацияларды жана жеңилдиктерди" деген сөздөр "ушул Мыйзамда белгиленген социалдык гарантияларды" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 08.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Чернобылдагы ькыйроонун натыйжасында жапа чеккен Кыргыз Республикасынын граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндөЗакон · 07.05.1993 · № 1196-XII
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203242/st-12" title="12-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>