# 10-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203242)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 30-декабры № 319 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 319
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203242/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4285/edition/1209364/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203242/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө, 10-берене (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203242/st-10

---

"Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 7, 220-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 11-статьяда: 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Эгерде реабилитацияланган адам репрессиянын натыйжасында майыптыкка дуушар болгон болсо же пенсионер болуп эсептелсе, ага төмөнкүлөргө да укуктар берилет:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө компенсация алууга;

- Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик гарантиялардын программасынын чегинде медициналык жактан тейленүүгө;

- телефонду биринчи кезекте орнотууга;

- карылар жана майыптар үчүн жатак үйлөргө биринчи кезекте кабыл алынууга, дайындалган пенсиясынын 25 проценттен кем эмесин сактоо менен мамлекеттин толук камсыздоосунда жашоого.";

5-бөлүктөгү "жеңилдиктерге" деген сөз "социалдык гарантияларга" деген сөздөргө алмаштырылсын; 7-бөлүктөгү "жеңилдиктерди" деген сөз "социалдык гарантияларды" деген сөздөргө алмаштырылсын.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203242/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203242/st-11)
