# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203242)
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 30-декабры № 319 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 319
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203242/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4285/edition/1209364/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203242/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө, 1-берене (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203242/st-1

---

"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 76-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 10-статьянын 7-бөлүгүндөгү "жеңилдиктер жана" деген сөздөр алып салынсын.

2. 16-статьяда:

2-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын; 3-бөлүктөгү "жеңилдиктердин" деген сөз "социалдык гарантиялардын" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. 18-статьянын 2-бөлүгүндөгү экинчи сүйлөм төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Курман болгон (өлгөн) кызматкердин үй-бүлөсүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө ай сайын компенсация төлөнөт.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203242/st-2)
