# КР 2009-жылдын 25-декабры № 317 ""Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 25-декабры № 317 ""Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 317
- Кабыл алынган күнү: 25.12.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.07.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203241>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4284/edition/387737/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203241.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2009-жылдын 25-декабры № 317 ""Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (15.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203241

---

Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 25-декабры № 317 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203241/st-1)

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 5, 474-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:

1. 18-берене төмөнкүдөй мазмундагы 24- жана 25-пункттар менен толукталсын:

"24) аларга даректүү социалдык коргоону уюштуруу максатында жакыр үй-бүлөлөрдү табуу;

25) айыл жериндеги балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулдарга муктаждык даражасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте баштапкы аныктоо.".

2. 20-берененин 6-бөлүгүнүн 2-пункту күчүн жоготту деп табылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203241/st-2)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203241/st-3)

Ушул Мыйзам 2010-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
