# КР 2009-жылдын 25-декабрындагы № 315 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 25-декабрындагы № 315 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 315
- Кабыл алынган күнү: 25.12.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.12.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203240>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4283/edition/347227/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203240.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.12.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2009-жылдын 25-декабрындагы № 315 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (25.12.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203240

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 25-декабры № 315

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203240/st-1)

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыч Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

### [346-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/203240/st-346)

төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "346-статья. Салык салуудан качуу жана бухгалтердик эсепти бурмалоо

Пайданы, кирешени же салык салуунун башка объекттерин жашыруу (азайтуу) түрүндөгү салык салуудан качуу, - жарандарга - эсептешүү көрсөткүчтүн жыйырма өлчөмүнө чейин, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчтүн жүз өлчөмүнө чейин, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Бухгалтердик эсептин жоктугу же бурмаланышы, салыктарды эсептөө жана бюджетке төлөө менен байланышкан бухгалтердик отчетторду, баланстарды, эсеп-кысаптарды жана башка документтерди бербөө, - кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчтүн элүүгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Эскертүү: Эгерде салыкты жашыруу (азайтуу) өлчөмү жарандар үчүн отуз эсептешүү көрсөткүчүнөн, кызмат адамдары үчүн - жүз элүү эсептешүү көрсөткүчүнөн, юридикалык жактар үчүн - үч жүз эсептешүү көрсөткүчүнөн ашпаса, администрациялык айып жашырылган (азайтылган) сумманын 50 пайызы өлчөмүндө салынат.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203240/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
