# КР 2009-жылдын 17-декабрындагы № 309 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 17-декабрындагы № 309 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 309
- Кабыл алынган күнү: 17.12.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203237>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4280/edition/855757/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203237.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2009-жылдын 17-декабрындагы № 309 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203237

---

КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТОТ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 17-декабры № 309 Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203237/st-1)

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 124-статьянын 2-бөлүгүнүн 3-пункту күчүн жоготту деп табылсын.

2. 127-статьянын 3-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "үч айдан алты айга чейинки мөөнөткө камакка алынат" деген сөздөр "эсептик көрсөткүчтүн бир миңден үч миңге чейинки өлчөмүндө айып салынат" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. 129-статьянын 4-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"жыйырма жылга эркиндигинен ажыратууга же өмүр бою эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".

4. 164-статьяда:

2- жана 3-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "(2) Ошол эле аракеттер:

1) адамдардын тобу тарабынан;

2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

3) олуттуу өлчөмдө жасалганда, -

үч эселенген айып салууга же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ошол эле аракеттер:

1) жабырлануучунун кийимдеринен же жанындагы кол жүгүнөн уурдалганда (чөнтөк уурулугу);

2) турак жайга же башка сактоочу жайга мыйзамсыз кирүү менен;

3) ири өлчөмдө жасалганда, -

үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө же болбосо үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат."; статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын: "(4) Ошол эле аракеттер:

1) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан;

2) өзгөчө ири өлчөмдөрдө;

3) уурулук кылгандыгы же болбосо опузалап талап кылгандыгы үчүн мурда эки же андан көп жолу соттолгон адам тарабынан жасалганда, -

мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".

5. 165-статьяда:

1-бөлүктүн экинчи абзацындагы "же үч айга чейинки мөөнөткө камакка алынат," деген сөздөр алып салынсын; 2- жана 3-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "(2) Ошол эле аракеттер:

1) адамдардын тобу тарабынан;

2) олуттуу өлчөмдө жасалганда, -

эки жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ошол эле аракеттер:

1) турак-жайдын, ишкананын, уюмдун, мекеменин короосуна же мал короого, мал камалган тосмого кирүү менен;

2) ири өлчөмдө жасалганда, -

мүлкүн конфискациялоо менен же анысы жок үч жылдан алты жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат."; статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын: "(4) Ошол эле аракеттер:

1) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан;

2) өзгөчө ири өлчөмдө жасалганда;

3) уурулук кылгандыгы же болбосо опузалап талап кылгандыгы үчүн мурда эки же андан көп жолу соттолгон адам тарабынан жасалганда, -

мүлкүн конфискациялоо менен алты жылдан он бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".

6. 166-статьяда:

2-бөлүктө:

- биринчи абзацындагы "Алдамчылык:" деген сөз "Ошол эле аракеттер:" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- экинчи абзацтагы "түзөтүү жумуштарына, же болбосо" деген сөздөрдөн кийин "бир жылдан" деген сөздөр менен толукталсын;

3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "(3) Ошол эле аракеттер ири өлчөмдө жасалганда, - үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат."; статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын: "(4) Ошол эле аракеттер:

1) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан;

2) өзгөчө ири өлчөмдө;

3) кызмат абалынан пайдалануу менен;

4) уурулук кылгандыгы же болбосо опузалап талап кылгандыгы үчүн мурда эки же андан көп жолу соттолгон адам тарабынан жасалганда, -

мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".

7. 167-статьяда:

2- жана 3-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "(2) Ошол эле аракеттер:

1) адамдардын тобу тарабынан;

2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

3) олуттуу зыян келтирүү менен жасалганда, -

эсептик көрсөткүчтүн жүздөн эки жүз өлчөмүнө чейин айып салуу менен эки жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ошол эле аракеттер:

1) ири өлчөмдө;

2) өмүрү же саламаттыгы үчүн коркунучтуу болбогон зомбулук көрсөтүү же болбосо ушундай зомбулук көрсөтөм деп коркутуу аркылуу жасалганда, -

үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат."; статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын: "(4) Ошол эле аракеттер:

1) турак жайга, имарат жайга же башка сактоочу жайга кирүү менен;

2) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан;

3) өзгөчө ири өлчөмдөрдө;

4) уурулук кылгандыгы же болбосо опузалап талап кылгандыгы үчүн мурда эки же андан көп жолу соттолгон адам тарабынан жасалганда, -

мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".

8. 168-статьяда:

2- жана 3-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "(2) Ошол эле аракет:

1) адамдардын тобу тарабынан;

2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

3) олуттуу өлчөмдөгү мүлктү ээлеп алуу максатында жасалганда, -

мүлкүн конфискациялоо менен үч жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ошол эле аракеттер:

1) ири өлчөмдөгү мүлктү ээлеп алуу максатында;

2) курал-жарак же курал-жарак катары пайдаланылуучу нерселерди колдонуу менен;

3) жабырлануучунун ден соолугуна оор залал келтирүү менен жасалганда, -

мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат."; статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын: "(4) Ошол эле аракеттер:

1) өзгөчө ири өлчөмдөгү мүлктү ээлеп алуу максатында;

2) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан;

3) турак жайга, имарат жайга же болбосо башка сактоочу жайга кирүү менен;

4) уурулук кылгандыгы же болбосо опузалап талап кылгандыгы үчүн мурда эки же андан көп жолу соттолгон адам тарабынан жасалганда, -

мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".

9. 170-статьяда:

2-бөлүктө:

- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;";

- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:

"3) ири өлчөмдөгү мүлктү алуу максатында, -"; 3-бөлүктө:

- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3) өзгөчө ири өлчөмдөгү мүлктү алуу максатында;";

- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:

"4) уурулук кылгандыгы же болбосо опузалап талап кылгандыгы үчүн мурда эки же андан көп жолу соттолгон адам тарабынан жасалганда, -".

10. 171-статьяда:

2-бөлүктө:

- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;";

- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:

"3) олуттуу өлчөмдө жасалганда, -";

- экинчи абзацында расмий тилде баяндалган "двухсот" деген сөз "пятьсот" деген сөз менен алмаштырылсын;

- экинчи абзацындагы "мүлкүн конфискациялоо менен же анысы жок" деген сөздөр алып салынсын;

3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "(3) Ошол эле жосун ири өлчөмдө жасалганда, - мүлкүн конфискациялоо менен же анысы жок беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат."; статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын: "(4) Ошол эле жосун:

1) өзгөчө ири өлчөмдө;

2) кызмат абалын пайдалануу менен;

3) уурулук кылгандыгы же болбосо опузалап талап кылгандыгы үчүн мурда эки же андан көп жолу соттолгон адам тарабынан жасалганда, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен же анысы жок беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".

11. 172-2-статьянын 2-бөлүгүнүн 2-пункту күчүн жоготту деп табылсын.

12. 222-статьянын 2-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"(2) Ошол эле жосун билип туруп жашы жетпеген же жөндөмсүз адамга карата жасалганда, -".

13. 234-статьяда:

1-бөлүктүн экинчи абзацындагы "же алты айга чейинки мөөнөткө камакка алынат," деген сөздөр алып салынсын; 3-бөлүктүн 1-пункту күчүн жоготту деп табылсын.

14. 248-статьянын 2-бөлүгүнүн 1-пунктундагы "бир нече жолу же" деген сөздөр алып салынсын.

15. 279-1-статьянын 2-бөлүгүнүн 1-пункту күчүн жоготту деп табылсын.

16. 285-статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "же болбосо үч айга чейинки мөөнөткө камакка алууга жазаланат" деген сөздөр алып салынсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203237/st-2)

Ушул Мыйзам 2010-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев
