# КР 2009-жылдын 17-декабрындагы № 308 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 17-декабрындагы № 308 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 308
- Кабыл алынган күнү: 17.12.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.12.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203236>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4279/edition/346786/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203236.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.12.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2009-жылдын 17-декабрындагы № 308 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы (17.12.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203236

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 17-декабры № 308

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203236/st-1)

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

1. 509-статьяда "185-188" деген сандар "185 жана 186" деген сандар менен алмаштырылсын.

2. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 521-1-статья менен толукталсын:

"521-1-статья. Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик инспекция органдары

Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик инспекция органдары ушул Кодекстин 187- жана 188-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштерди карайт. Администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштерди кароого жана администрациялык айып салууга төмөндөгүлөр укуктуу:

- өсүмдүктөрдүн карантини боюнча Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик инспектору жана анын орун басарлары;

- өсүмдүктөрдүн карантини боюнча райондор аралык инспекциянын начальниги жана инспектору;

- өсүмдүктөрдүн карантини боюнча шаардык инспекциянын начальниги жана инспектору;

- өсүмдүктөрдүн карантини боюнча өткөрүү пунктунун начальниги жана инспектору.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203236/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күңдөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев
