# 2-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө", "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/203235)
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 8-декабрындагы № 307 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө", "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 307
- Кабыл алынган күнү: 08.12.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203235/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4278/edition/1264942/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203235/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө", "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу, 2-берене (17.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203235/st-2

---

"Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 2, 5-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. 7-статьянын 2-пунктундагы "орус" деген сөз "расмий" деген сөз менен алмаштырылсын.

2. 9-статьяда:

1-пункт төмөндөгүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "Товарлар (жумуштар, тейлөө кызматтары) жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдеринде, ал эми зарыл учурларда - ошондой эле чет тилдеринде баяндалышы керек."; 3-пункттун экинчи абзацындагы "кыргыз жана/же орус тилиндеги" деген сөздөр "мамлекеттик жана расмий тилиндеги" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203235/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203235/st-3)
